Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов кармалды

Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 11-июнда кабарлап, ал коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы менен колго түшкөнүн маалымдады.

"Ыйгарым укугунан пайдаланып, товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды колдонуп, товарлардын жалган транзитин уюштуруп, көмүскө киреше алып турган", - деди УКМК өкүлү Назгүл Кыдыралиева.

Айтмаматов жемкорлуктун натыйжасында жалпы баасы 4,5 миллион АКШ долларына барабар 30дан ашуун элиталык батирлерге, 1 миллион долларга бааланган 10дон ашуун автоунааларга ээлик кылары айтылат.

Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (Мыйзамсыз баюу) менен сотко чейинки өндүрүш башталды. Учурда УКМКнын тергөө абагында.

2020-жылы Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик органдарга элдин ишеним деңгээлин аныктаган изилдөөсүндө Бажы кызматы "эң коррупциялашкан мекеме" деп табылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД