Сузакта мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дарылар табылды

Сузак районунда мыйзамсыз сакталган курал жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, июнь айынын башында Сузак милициясына район аймагында курал жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн жарандар боюнча ыкчам маалыматтар түшкөн.

Бул окуя боюнча, Жазык кодексинин 253-беренеси (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Анын алкагында Сузак райондук сотунун токтомунун негизинде Көк-Жаңгак шаарынын 53 жаштагы Ш.Т. жана 48 жаштагы Ч.А. аттуу жаранынын үйлөрүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында Ш.Т. аттуу адамдын үйүнөн Тоз-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал жана 4 даана ок, 16 калибрлүү сайсыз ок атуучу курал, 13 даана ок, 10 даана ок-дарылардын идиштери, ок-дары жасоочу аспаптар табылып алынган. Ал эми Ч.А. аттуу адамдын үйүнөн сайсыз 16 калибрлүү ок атуучу курал табылган.

Алынган курал жана ок-дарыларга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД