Москвада Кыргыз-Тажик жарандарынын ортосунда массалык мушташ чыкты

Орусиянын Москва шаарында Кыргыз өлкөсүнүн жарандары менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда массалык мушташ чыкты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мушташ Москвадагы кафелердин биринде болгон. Жыйынтыгында 6 жаран ооруканага түшүп, 9 жаран тергөө иштерине байланыштуу полиция бөлүмүнө жеткирилген.

"Жаңжал тууралуу маалымат полицияга кечинде келип түшкөн. Айтылган дарекке полиция кызматкерлери барып, жарадар болгон 6 жаранды "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткиришкен. Ал эми кармалган жарандын ичинен экөө миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылса, жетөө майда бейбаштык боюнча айыпталууда. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Укук коргоо органдарынын айтымында, жаңжалга жалпы 15 адам катышкан. Алар Кыргыз жана Тажикстандын жарандары", - деп жазылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД