
ЖАКга Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча эл аралык абактардагы кызматтар ассоциациясынын координаторунун жардамчысы Кристина Урсукайте келди. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жаза аткаруу кызматынын ардагерлер кеңешинин кеңешинде Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча эл аралык абактардагы кызматтар ассоциациясынын координаторунун жардамчысы Кристина Урсукайте менен жолугушуу болуп өттү.
ЖАКнын борбордук аппаратына барардын алдында ал Ново-Павловкадагы №32 жатак абагында болуп, анда жарандык коом уюмдары маанилүү роль ойногон соттолгондорду социалдаштыруу практикасы менен таанышты.
Калыбына келтирүүчү сот адилеттигинин программаларын ишке ашырууга жана өнүктүрүүгө байланышкан маселелер талкууланды.