Тергөөчү 500 доллар пара менен кармалды

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын тергөөчүсү 500 доллар пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, "У.Э.К." аттуу полковник жазык ишине катышкан адамга карата ишти токтотуу үчүн акча талап кылгандыгы белгилүү болгон.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Опузалап пара алуу) менен иш козголгон.

Кечээ, 9-июнда аталган адам өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө 500 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда бул иш боюнча иликтөө жүрүүдө, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД