Футбол: Кыргызстан гол киргизүү көрсөткүчү боюнча жеке рекордун жаңыртты

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы бир эле оюнда киргизген голдордун саны боюнча жеке рекордун жаңыртты.

Бүгүн, 11-июнда, 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына тандоо этабынын алкагында "Ак шумкарлар" Мьянма курама командасы менен кез келип, 8:1 эсебинде утту.

Беттештеги голдорду Турсунали Рустамов (20-мүнөт), Гүлжигит Алыкулов (28), Фархат Мусабеков (34) Алимардон Шүкүров (45), Мирлан Мурзаев (45+2, 61 жана 78), Абай Боколеев (63) киргизди. Ал эми мьянмалыктардан 69-мүнөттө Хлайн дарбазага топту киргизе алды.

2019-жылдын 10-октябрында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кыргызстандыктар ушул эле Мьянма курамасын 7:0 эсебинде уткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД