"Ак Бата" партиясы шаардык кеңештердин шайлоосуна катышуудан баш тартты

"

Ак Бата" партиясы 11-июлда Бишкек, Токмок жана Ош шаардык кеңештерине кайра өткөрүлө турган шайлоого катышпайт. Бул тууралуу партиянын лидери Нариман Түлеев "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Анын айтымында, партия алдыда өтө турган парламенттик шайлоого катышууга кам көрөт.

"Күчүбүздү күзгө сактап жатабыз. "Ак Бата" парламенттик шайлоого катышат. Бишкектеги өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңештин деңгээлинде баштайбыз. Эгер эл бизди колдосо, сүйүктүү шаарыбыз туш болгон азыркы абалдын кайталанышына жол бербейбиз. Биз сиздер менен коштошпойбуз, тескерисинче жакында көрүшөбүз деген үмүттөмүн", - деп жазган Түлеев.

Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өткөн. Мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине болгон шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылып, кайра шайлоо дайындалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД