
№16 түзөтүү мекемесинде футбол боюнча мелдеш болуп, мыкты оюнчулар аныкталды. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата КР Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Беловодское айылында жайгашкан №16 мекемесинде кичи футбол боюнча чеберлер арасында кызуу турнир болуп өттү.
Сергек жашоого үндөө жана спорттук форманы чыңдоо максатындагы мелдешке 5 команда катышты.
Бир катар оюндардан кийин 1-орунду Тарбиялык, социалдык жана психологиялык иштер башкармалыгынын кызматкерлеринен турган команда ээлеп, ЖАКнын өтмө кубогу менен сыйланышты.
Ошондой эле мекеменин башчысы, и/к полковниги А.Кыдынбаев мыкты оюнчуларды кызуу куттуктап, Ардак грамоталар менен сыйлады. Алардын арасында улук лейтенант А.Асакаев, старшина Н.Уметов, улук сержант Т.Абдыбалиев бар.