Дайынсыз болуп жаткан Аяна Тойбаева изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, 14 жашар кызы Аяна Тойбаеваны табышууга жардам сураган.
Өспүрүм кыз 17-майда Огонбаев көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келе элек.
Өзгөчө белгилери: бою 145-150 см, арыкчырай, көздөрү күрөң түстө, чачтары кара.
Ошол күнү кийип жүргөн кийимдери: Кара түстөгү куртка, боз түстөгү спорттук шым, бутунда кара бут кийим.
Аяна Тойбаеваны көргөн билгендер болсо төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну укук коргоо органдары өтүнөт:
0553102387
0703222622
0702498888
0772847336
0557119410
0709332463
102