Президент Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапары жыйынтыкталды

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга расмий иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун иш сапары Анкара шаарындагы "Аныткабир" мемориалдык комплексине - Түркия Республикасынын негиздөөчүсү, Мустафа Кемал Ататүрктүн бейитине гүлчамбар коюу менен башталды.

Андан ары Президент Садыр Жапаров Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен тет-а-тет форматында жолугушту жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынына катышты.

Эки өлкөнүн башчылары кыргыз-түрк эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсүн биргеликте ачышты. Ошондой эле, Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысынын иш сапарынын экинчи күнү Түркия Республикасынын Соода палаталары жана товардык биржалар бирлигине (СПТББ) барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышуудан башталды. Анда Мамлекет башчысына СПТББнын Экономика жана технология университетинин "Ардактуу профессору" наамы ыйгарылды.

Бул жерде Президент Садыр Жапаров ири түрк ишкерлеринин өкүлдөрүнүн астында сөз сүйлөдү. Аларга Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык жагымдуулугу көрсөтүлдү. Президент ак ниет инвесторлордун демилгелерин колдоого жана аларга максималдуу жардам көрсөтүүгө толук даяр экендигин билдирди.

Андан соң Мамлекет башчысы Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту.

Ошондой эле, Түркия Республикасынын ар кайсы шаарларында жашаган мекендештер менен жолугушуу өткөрдү.

Бүгүн, 11-июнда, Президент Садыр Жапаров Түркиядагы расмий иш сапарын жыйынтыктап, Бишкек шаарына кайтып келди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД