Бир суткада 619 адамдан COVID-19 табылып, 5 бейтап каза болду

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги соңку суткада коронавирустан 5 адам каза болуп, 619 кишиден илдет табылганын кабарлады.

Бир сутка ичинде Бишкекте- 5 адам COVID-19 илдетинин курмандыгы болду.

Муну менен пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1881га жетти.

Ошондой эле соңку суткада 619 кишиден илдет табылып, 303 киши сакайды.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 109 миң 812 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 102 миң 314 киши айыгып чыкса, 1 миң 881 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД