Чүй облусунун Жайыл районунда жеңил унаалар сүзүшүп, эки адам жабыркады. Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан автокырсык бүгүн, 12-июнда эртең менен саат 9:00 чамасында катталганын билдирди.
Белгилүү болгондой, Бишкек-Ош унаа жолунда Дэу Нексия жана Мерседес-Бенц унаалары сүзүшүп, кырсыктын кесепетинен эки адам ооруканага жеткирилди. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери аныкталып жатканын айтышты мекемеден.