Ош шаарында массалык иш-чарага июлга чейин тыюу салынды

Ош шаарындагы оор санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-июлга чейин экинчи борбор калаада бардык массалык иш-чараларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, келерки айдын башына чейин белгиленген концерттик программалар, календардык салтанаттар, спорттук мелдештер жана башка иш-чаралардын баарына чектөө кирет.

Коомдук транспортто 60-70% ашык толтурулбашы шарт, беткап, санитайзер, аралык жана башка эрежелер так сакталышы керек.

Мэрияга караштуу муниципалдык аймактык башкармалыктардагы жана башка коомдук объектилерге рейддер күчөтүлөт. Кошумча мобилдик топтор уюшулат. Шаардагы бардык базарларда аптасына бир жолу санитардык күн өткөрүлөт. Билим берүү мекемелеринде сабактар онлайн тартипке өтөт.

Тойканалар, ресторан-кафелер бар болгон орундуктарынын 50% ашык толтурбашы шарт. Эпидемиологиялык кырдаал жакшырбаса, 1-июлдан тартып тойлорго таптакыр тыюу салынышы ыктымал.

Эпидемиологиялык абал курчугандан улам Ош шаардык мэриясы буга чейин №52 жана №18 мектептердин базасында күндүзгү амбулатордук стационарларды уюштурган.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 619 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен беш адам каза болду. Жаңы катталгандардын 273ү Бишкек шаарында катталса, 110 учуру Ош шаарына туура келди.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 109 миң 812 кишиге жукту. Анын 102 миң 314ү айыкканы айтылды. Вирустан жалпы 1881 адам кайтыш болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД