Путин АКШнын лидери Жо Байден менен Дональд Трамптын айырмачылыгын айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ лидери Джо Байден менен расмий жолугушардын алдында америкалык телеканалдардын бирине маек берди. Анда ал АКШнын мурунку жана азыркы президенттеринин ортосундагы айырмачылыкты айтты.

"АКШнын учурдагы президенти Джо Байден мурунку лидер Дональд Трамптан аябай эле айырмаланат. Ал мансаптуу саясатчы, өмүр бою саясатта келе жатат. Ал такыр башкача адам. Бул анын артыкчылыгы жана кемчилиги. Кандайдыр бир импульсивдүү аракеттерге барбайт деп ишенем", - деген ал өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, эки өлкө башчылары 16-июнда Женева шаарында жолугушат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД