Түркия Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам бере турган болду

Түркия Кыргызстандын Коргоо министрлигине гранттык негизде аскердик-техникалык жардам көрсөтүү ниетин билдирди. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин президент Садыр Жапаровдун Түркиядагы иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу берген билдирмесинде айтылат.

"Президенттер Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын жолугушуусу - эң жогорку деңгээлдеги биринчи саясий байланыш. Эки өлкөнүн лидерлери бири-бирин колдоого алып, тет-а-тет жана кеңейтилген форматтагы жолугушууларды өткөрүштү", - деп келтирилет Казакбаевдин сөзү президенттин сайтында.

Билдирмеде, канча жардам болору жана эмне берилери так айтылган жок. Мурдараак кыргыз президенти Түркиядан аскердик жардам сураганы расмий маалымдалган. Анда Түркия тараптын жообу белгиленген эмес болчу.

Министр Руслан Казакбаевдин айтымында, Кыргызстан менен Түркиянын Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташуу кеңешинин 5-жыйынында, эки жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери талкууланды. Анын жыйынтыгында саламаттык сактоо, айыл чарба, маданият, спорт, жаштар саясаты жана автордук укуктарды коргоо жаатында эл аралык деңгээлдеги сегиз документке кол коюлду.

Президент Садыр Жапаров Анкара шаарына 9-июнда барып, 11-июнда кайтып келди. Ал иш сапарынын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган баштаган ар кайсы деңгээлдеги аткаминерлери менен жолукту. Анкара шаарында Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалары бирлигинин (СПТББ) аянтчасында түрк ишкерлер-комчулугу кездешип, кыргыз-түрк бизнес форумуна катышты. Жапаров Түркияда иштеген кыргызстандыктар менен да жолугушуу өткөрдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД