Ысык-Көлдө КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтөт

Чолпон-Атада КМШга мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 8-сентябрында Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө мамлекеттердин ички иштер министрлеринин кезектеги жыйыны болуп өтөт.

Аталган кеңешмеге Азербейжандын, Армениянын, Беларусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын ИИМдин делегациялары, андан сырткары КМШ мамлекеттер-катышуучуларынын аймагындагы уюшкан кылмыштуулук жана кылмыштардын коркунучтуу түрлөрү менен күрөшүүнү координациялоо боюнча Бюросунун жана КМШнын Терроризмге каршы Борборунун өкүлдөрү катышат.

Жыйында КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү, оор жана өзгөчө оор кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамалекеттер аралык программалардын аткарылышы жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чечимдерди кабыл алуу маселелери каралат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД