"Биздин Кыргызстан" партиясы талапкерлердин тизмесин бекитти

Бүгүн, 12-июнда Бишкекте "Биздин Кыргызстан" жаңы саясий партиясынын конференциясы болуп, анда Бишкек шаардык кеңешин шайлоого талапкерлердин тизмеси бекитилди. Талапкерлердин арасында тажрыйбалуу саясатчылар дагы, жаш, ийгиликтүү адистер - жаңы жүздөр дагы бар.

Конференциянын жүрүшүндө партиянын "Жаратмандар жолу" - шаарларды өнүктүрүү программасы сунушталды.

Партиянын негиздөөчүсү жана лидери Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов. Ал өз сөзүндө биздин Кыргызстанда тез арада чечилиши керек болгон бир катар көйгөйлөр бар экендигин белгиледи. " Мамлекетибиздин гүлдөп-өнүгүүсүн камсыздоо - биздин тарых жана келечек муундардын алдындагы ыйык парзыбыз", - деди А.Осмонов.

Конференцияга белгилүү инсандар жана саясатчылар дагы чакырылган. Алар "Биздин Кыргызстан" жаңы саясий партиясына ийгилик каалашты.

Ушундай эле партиянын конференциясы бүгүн Ош шаарында өттү. Иш-чараны партиянын Ош бөлүмүнүн лидери Медер Абдыманапов ачып берди. Конференциянын жүрүшүндө Ош шаардык кеңешке талапкерлердин тизмеси бекитилди. 


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД