Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан алты адам көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Ош унаа жолунун 495-чакырымында (Ууру-Жар айылы) болгон. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү жеңил унаа кагышып, натыйжада 6 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган.
Окуя болгон жерге 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, каза болгон адамдарды ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркаган адамдарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.