Шаардык кеңешке шайлоо: Бишкекте "Столица" партиясынын съезди өттү

Кечээ, 11-июнда катарын жаш активисттер менен толуктап, Бишкек шаардык кеңештин кайра шайлоосуна бара жаткан "Столица" демократиялык партиясынын съезди өттү.

Партиянын Саясий кеңешинин бирдиктүү чечими менен лидер катары Данияр Өмүрзаков тандалып алынды.

Данияр Өмүрзаков шаардык кеңештин шайлоосуна катышуу чечимин июнь айындагы маршруттук каттамдардын айдоочулары иш таштап, коомдук транспорттор боюнча кыйын кырдаал жаралганда кабыл алган.

"Мен бир нече каттамдарга чыгып, элдер менен сүйлөштүм. Анан коомдук транспорт боюнча маселеден сырткары да шаарда көп көйгөйлөр бар. Элдер баардык тармактардагы көйгөйлөрдөн жадады: билим берүү, кымбатчылык, медицина, аялдамалар. Муну көрүп мен шаардык кеңешке барууну чечтим.

Мындан сырткары шаардык кеңештин депутаттары маяна да алышпайт, мен дагы шаар үчүн жеке кызыкчылыкты көздөбөй иштей алам", - дейт Өмүрзаков.

Ошондой эле съезде талапкерлердин тизмеси бекитилип, шаарды инновациялык ыкмалар менен өнүктүрүү сунушталган партиянын программасы презентацияланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД