Баткенде түнкү тоноочулуктун бети ачылды

Баткенде түнкү тоноочулуктун бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун 40 жаштагы тургуну 11-июнь күнү түндө Кызыл-Кыя шаарында автоунаасынын ичинде отурган кезде белгисиз адам тоноп кеткен. Ал эч себепсиз эле ур-токмокко алып, уюлдук телефонун тартып алып из жашырган.

Жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, издөө иштери башталган. Анын алкагында аталган ишке шектүү катары Ош облусунун Араван районунун 30 жаштагы тургуну кармалган.

Жабырлануучуга телефону кайтарылып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД