Балдар үйүндөгү өлүм. Акыйкатчы мекеменин директорун четтетүүнү талап кылды

Чүйдөгү Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусу 12 жаштагы Игорь Якуниндин өлүмүнө байланыштуу аталган жайдын директорун иштен четтетүүнү Акыйкатчы талап кылууда. Мындай билдирүү омбудсмендин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, баланын өлүмү тууралуу маалымат чыгары менен Акыйкатчы институту тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлгөн. Анда Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн 6-классынын окуучусу Якунин Игорь Сергеевичтин өлүмү Сокулук РИИБине 1-июнда 23:08де катталганы, 2-июнда саат 9:24тө Кылмыштардын жана жоруктарды бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталганы белгилүү болгон.

Ошондой эле балдарды сурамжылоо райондук прокуратуранын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөнү маалым болгон.

Мындан сырткары, адвокаттын маалыматы боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуулар орун алган. Адвокатты маркумду асырап алууга ниеттенген АКШлык үй-бүлө жалдаган. Адвокат тарабынан райондун прокуратурасына райондун ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) аракетсиздиги жөнүндө даттануу жолдонгон.

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери тарабынан тиешелүү Көңүл буруу актысы жана ИИМге ишти кароону ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине бул балдар үйүнүн директорунун тергөө иш чаралары мезгилинде кызматынын четтетүү тууралуу кат жолдонгон. Анткени балдар мекемесинин директору ал интернаттын окуучуларынын көрсөтмө берүүсүнө кийлигишүүсү жана бала өлүмүнүн фактысын мүмкүн болгон жаап-жашыруусу эске алынган.

Белгилүү болгондой, каза болгон өспүрүм буга чейин өзүн асырап алуучулар менен төрт жолу жолуккан. Мындан тышкары Якунин Игорь жүз берген трагедияга чейин ден соолугу чың болгону тууралуу медициналык маалымкаттар бар.

Ошондой эле маалыматта өткөн жылы Акыйкатчынын аппаратынын Балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан балдар мекемелерине, анын ичинде Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө да мониторинг жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында, бир катар сунуштамалар берилген. Бирок, алар өз убагында аткарылган эмес.

"Бул иш акыйкатчынын өзгөчө көзөмөлүндө турат. Ошондой эле, ушуга окшош кайгылуу окуяларды болтурбоо максатында бардык күч-аракеттер жумшалат, анын ичинде мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштамалар, ошондой эле, бул фактыны иликтөө боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын жетекчилигинде Өкмөттүк комиссия түзүүгө жетишүү боюнча аракеттер жүргүзүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД