Султан Раев: Түркияда "Жанжаза" романым сатылып жатканын көрүп сүйүндүм

Белгилүү жазуучу Султан Раевдин "Кара" романы эң ири интернет дүкөн Amazon'до сатылууда. Бул тууралуу жазуучу өзү "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Анда калемгер Түрк китеп дүкөндөрүндө анын чыгармасы турганын көрүп сүйүнгөнүн жазган. Аны менен бирге "Кара" романы эң ири интернет дүкөн Amazon'го сатыкка чыкканы кубандырганын белгилеген.

"Китеп - жазуучунун эң бийик дөөлөту, руханий байлыгы. Аны окурмандар окуп, кызыгуусу артса, окурман жүрөгүнөн орун тапса, андан артык бакыт жок...

Кечээ күнү Анкаранын чоң китеп дүкөндөрүн кыдырып жүрүп, түркчө чыккан "Timarhane" ("Жанжаза") романым "Дүйнөлүк адабият" текчесинде сатылып жатканын көрүп сүйүндүм. Дүйнөлүк чыгаан жазуучулардын катарында романымдын сатылып жатышы мен үчүн өзгөчө.

Атактуу америкалык AMAZON компаниясы аркылуу Лондондон чыккан KARA романымдын сатылып жатышы да аябай сүйүндүргөн. Бу дүйнөлүк монстр Amazon аркылуу сатыкка койгон ар бир товарга, брендерге өзгөчө талапты коет, ошол эле учурда адабий китептерге да талабы күч. Алардын таразасынан өтүү да өзгөчө. Бир чети өзүм үчүн эмес, кыргыз жазуучусу, Айтматов туу башында турган улут адабияты үчүн сыймыктангам", - деп жазган жазуучу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД