Ошто үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 22-чакырымында Ош облусуна караштуу Ноокат районунун аймагында болгон. Анда Honda Fit жана Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 3 адам: 1 аял, 1 киши жана 1 бала каза болгон. Мындан сырткары 2 киши оор жаракат алган.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар маркумдардын жансыз денелерин чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар "Тез жардам" кызматы менен Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.