Балдар үйүндөгү өлүмдү мекеме аралык комиссия иликтеп жатат

Чүйдүн Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмүн мекеме аралык комиссия иликтеп жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган окуяны Кыргыз Республикасынын Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү көзөмөлүнө алган. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн айтымында, учурда окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн керектүү чаралар көрүлүп жатат.

Бул факты боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын курамына Президенттин Администрациясынын, Жогорку Кеңештин, Ички иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле жарандык сектордун өкүлдөрү кирген.

"Комиссия балдар үйүнүн жашы жете элек тарбиялануучусунун өлүмүнө байланыштуу бардык жагдайларды объективдүү жана кылдаттык менен изилдеп чыгат", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД