
Амантур Исмаилов Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду. Үчүнчү орун үчүн беттеште ал грузиялык балбанды жеңди.
Амантур Исмаилов 67 кг салмак категорияда беттешкен.
Амантур Исмаилов 1/16 финалдан баштап алгач венгриялык балбанды 7:9 эсебинде жеңген. Ал эми 1/8 финалда ирандык балбанга жеңилип, кийин көңүл жубатуучу беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алган.