Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшөт

Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт. Жарым финалда ал япониялык балбан кызга 5:11 эсебинде жеңилип калды.

Ал биринчи кармашында болгариялык балбан Биляна Дудова менен чыгып, аны 3:2 эсебинде жеңди. Андан кийинки беттешинде германиялык спортчудан күчтүү чыкты. Кармаш 4:0 эсебинде аяктаган.

Жарым финалда Айсулуу япониялык Нонока Озакиге каршы килемге чыгып, тилекке каршы, 11:5 эсебинде Озаки финалга чыкты.

Эске сала кетсек, Айсулуу Тыныбекова өткөн жылкы дүйнө чемпионаттын 1/8 финалында дагы япониялык Нонока Озаки менен килем үстүнө чыккан. Анда Тыныбекова атаандашын 6:4 эсебинде утуп, чемпионаттын алтын медалын тагынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД