"Чоң жети" муктаж өлкөлөргө 1 млрд доза вакцина бөлүп берет

Жекшемби күнү Улуу Британияда аяктаган "Чоң жетинин" (G7) саммитинде көтөрүлгөн негизги темалардын бири коронавируска каршы күрөшүү болду.

Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери өнүгүп келе жаткан мамлекеттерди кеминде 1 миллиард доза вакцина менен камсыз кылууну убадалашты. Алардын жарымын АКШ, дагы 100 миллионун Улуу Британия бере турганы айтылды.

Мындан тышкары лидерлер өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү инфраструктуралык объектилердин курулушуна колдоо көрсөтүү боюнча макулдашты. Бул демилгени АКШ Кытайдын ушундай эле программасына атаандаш катары сунуштаган. Бээжин буга жооп кылып, "аз өлкөлөрдүн тобу глобалдык чечимдерди таңуулабашы керектигин" билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД