Жоламан Шаршенбеков дүйнө биринчилигинин алтыны үчүн күрөшөт

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнө биринчилигинин алтыны үчүн күрөшөт. Жарым финалда ал казакстандык балбанды 7:0 эсебинде жеңип алды.

Жоламан Шаршенбеков 60 кг салмакта грек-рим күрөшү боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышууда. Ал алгачкы атаандашы венгриялык Кристиан Кечкеметини 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Ал эми чейрек финалда АКШнын балбаны Ильдар Хафизовду жеңди.

Финалдык беттештер бүгүн, 13-сентябрда өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД