Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине 25 партия ат салышат

Кайра шайлоо белгиленген Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине партиялардын документтерин кабыл алуу мөөнөтү аяктады.

БШКнын кабарлашынча Бишкек шаардык кеңешине он жети, Ошко тогуз, Токмок шаардык кеңешине алты партия катышуу ниетин билдирип арыз берген. Эми алар талапкерлердин тизмесин 20-июнга чейин бериши керек.

Белгилей кетсек, кайра шайлоодо үгүт иштери 20 күнгө созулуп, 20-июндан 10-июлга чейин өтөт.

Быйыл 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда аталган үч шаарда добуш сатып алуу жана административдик ресурс чырынан улам жыйынтыгы жокко чыгарылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД