Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттер кадимки тартипте иштөөдө

Кыргыз-казак чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү бекеттери кадимки тартипте иштөөдө. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө караганда, өткөрүү бекеттеринде жарандар, транспорттук унаалардын тыгыны катталган жок.

Эскерте кетсек, чек арадан өтүү тартиби боюнча маалыматты УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара көзөмөл башкы башкармалыгынын 0312 88 16 18, 0312 54 38 36 номерлери аркылуу билсе болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД