
Сербияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде кыргызстандык спортчу Жоломан Шаршенбеков дүйнө чемпиону болду.
Жоломан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмакта ат салышып, финалдык беттеште болгариялык спортчу Эдмонд Армен Назарянды жеңип алып, дүйнө чемпионунун наамына татыктуу болду.