Оштогу жол кырсык: Каза болгондордун саны алтыга жетти

Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 23-чакырымындагы жол кырсыгынан 6 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-июнда Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 23-чакырымында Honda-Fit жана Daewoo-Matiz үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Окуя болгон жерде 2 аял, 1 киши каза болгон. Үч жаш бала ооруканада каза тапкан (2016-жылы төрөлгөн, 2021-жылы төрөлгөн, 2006-жылы төрөлгөн).

Мындан сырткары жалпы 6 бала ар кандай жаракаттарды алып ооруканага түшкөн. Анда 15 жашар эки өспүрүм жана 17 жашар өспүрүм Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Ал эми 16 жаштагы өспүрүм менен 7 жана 3 жашар бала Ноокат райондук ооруканасына жаткырылган.

Буга чейин аталган жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 3 адам оор абалда ооруканага жеткирилгени кабарланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД