Кечээ, 13-июнда, түнкү саат 00:00дө шаардык кеңешке кайра шайлоого саясий партияларды каттоо мөөнөтү аяктады.
Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына тогуз, Токмокто алты партия талапкерлерин көрсөттү.
Ош шаардык кеңешине аттанган партиялар:
"Ынтымак";
"Улуу Журт";
"Бир бол";
"Биздин Кыргызстан";
"Бүтүн Кыргызстан";
"Ата-Журт Кыргызстан";
"Улуттар биримдиги";
"Келечек-Будущее";
"Нур".
Токмок шаардык кеңешине аттанган партиялар:
"Эл биримдиги";
"Бирге-Вместе";
"Эмгек";
"Патриот ынтымагы";
"Асыл Мурас жаштары";
"Ата-Журт Кыргызстан";
Ошондой эле Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катышуу үчүн 17 партия арыз берген.
Эске салсак, буга чейин БШК 11-апрелде өткөн Токмок, Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга массалык мыйзам бузуулар себеп болгон.
Кайра шайлоо 11-июлга белгиленди.