Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл аймагына жаңы жетекчи шайланды. Бул тууралуу редакцияга Барскоон айылынын тургундары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жалпы 4 талапкер катышкан шайлоо эки тур менен өткөн. Анын жыйынтыгы менен Бакытбек Асанов айыл өкмөт башчылыгына шайланган.
Отуз жети жаштагы Бакытбек Асанов Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистигин аяктаган.
Буга чейин жеке ишкерлик менен алектенип келген.