Бажычы Нурбек Айтмаматов 10-августка чейин камакта калды

Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов 10-августка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында болот.

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 12-июнда карап, ушундай чечим чыгарды.

УКМК Нурбек Айтмаматовду 10-июнда камакка алып, ага "Мыйзамсыз баюу" беренеси менен айып койгон. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал бажыда товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды колдонуп, товарлардын жалган транзитин уюштуруп, көмүскө киреше алып турган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД