Дайынсыз болуп жаткан Бегимай Кенжебаева изделүүдө. Бул тууралуу Баткн облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Калтак айылынын 16 жаштагы тургуну Кенжебаева Бегимай Курсановна 11-июнь күнү 06:30да чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 160-155 см, кашы көзү кара, орто дене түзүлүштөгү, акыл-эси соо.
Эгерде сүрөттөгү кызды көргөн билгендер болсо төмөнкү номерлерге кабарлап коюну укук коргоо органдары өтүнөт:
(03655) 5-02-29;
0704 27-64-16