Балбандар Эрназар Акматалиев менен Арсалан Будажапов коло медаль утушту

Кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев менен Арсалан Будажапов Сербиядагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль багындырышты.

Коло үчүн күрөштө Акматалиев индиялык Навин аттуу балбан менен килем үстүнө чыкты. Кыргыз балбаны медалга татыктуу экенин далилдей алды, эсеп 4:1, Эрназар Акматалиев жеңди.

Ал эми Будажапов үчүнчү орунга болгон кармашта болгариялык Али-Паша Умарпашаевди 5:1 эсебинде артта калтырып, жеңүүчү болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД