А. Жапаров: "Кумтөргө" байланыштуу экология боюнча сотко далилибиз жетиштүү

Кыргызстан Кумтөр алтын кениндеги экология маселеси боюнча сотто келтире турган далилдери жетиштүү. Бул тууралуу 19-майда "Азаттыкка" курган маегинде кендеги ишмердүүлүктү текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди:

"Далил жетиштүү. Биринчи отчет – 2012-жылы Садыр Нуркожоевич Жапаров алып чыккан депутаттык комиссиянын отчету. Ал жерде мөңгүлөргө калдык төгүлгөнүнүн баары биринчи жолу далилденген. Ошого ишенбей кыргыз өкмөтү 2013-жылы мамлекеттик комиссия түзгөн, Темир Сариевдин отчетунда да турат. Мына ошондон сегиз жыл өткөндөн кийин биздин да комиссия чын эле экология одоно бузулуп жатканын тастыктап жатат. Экология бузулганы боюнча биз жеңебиз деп күч-аракетибизди жумшап жатабыз. "Гуглдан" мөңгүлөрдү бузууга ким барып жатканын издесек Кыргызстандан башка бир да мамлекет жок. 3 миллиард 86 миллион долларды кайсы жерде болсо да мойнуна салып беребиз".

Кыргызстан "Кумтөр Голд" жалпысынан 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар төлөөгө милдеттүү экенин айтып жатат. Анын 3 миллиард 86 миллиону келтирилген экологиялык зыян боюнча айыппул, 1 миллиард 166 миллиону төлөнбөй калган салык.

8-майда "Центерра Голд" билдирүү таратып, ишканага коюлган доолор "таптакыр негизсиз" экенин, "Кумтөр Голд" мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айткан.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кендердин бири. Аны канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын үлүшү 26% түзөт.

Өткөн аптада Кыргызстан "Кумтөр Голд" ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД