УКМК Жогорку Кеңештин депутаты жасалма диплом колдонуп жүргөнүн аныктады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы вице-спикер, Жогорку Кеңештин "КСДП" фракциясынан "З.Т.З." аттуу депутат жасалма диплом колдонуп жүргөнү аныкталганын кабарлады.

Анда эл өкүлү 1998-жылы билим алуу үчүн акы төлөбөгөндүктөн Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылганы айтылат.

Кийин улуттук университеттин диплому делген жасалма документти көргөзүп, Ош мамлекеттик университетине кабыл алынган. Ошондой эле саясий ишмердүүлүк мезгилинде, экинчи жогорку билим алган.

Ал эми Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет "З.Т.З" аттуу депутат алардын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында жоктугун, дипломунда көрсөтүлгөн номер башка адамга таандык экенин кабарлаган.

Белгилей кетсек, УКМКнын малыматында айтылган "З.Т.З" аттуу депутаттын ысымы камакта отурган Жогорку Кеңештин депутаты Зулпукаров Төрөбай Закировичтин аты-жөнүнө туура келүүдө.

Ал Кумтөр кенине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 31-майда камакка алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД