Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоого 17 партия катышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Алар:
- "Ата-Журт Кыргызстан";
- "Эмгек партиясы";
- "Туран" демократиялык партиясы" ;
- "Келечек-Будущее";
- "Реформа";
- "Өнүгүү-Прогресс";
- "Биздин Кыргызстан";
- "Биздин Эл";
- "Столица" демократиялык партиясы";
- "Замандаш";
- "Ынтымак";
- "Күч бирдикте" социалдык-саясий партиясы";
- "Жаңы-Мезгил";
- "Социал-демократтар";
- "Ишеним";
- "Улуу-Журт";
- "Жашыл Кыргызстан партиясы".
Эскерте кетсек, 11-апрелде өткөн Бишкек шаардык кеңешке шайлоо добуш сатып алууларга байланыштуу жараксыз деп табылган. Кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.