Израилде премьер-министр алмашты

Израилде премьер-министр алмашты. Бул тууралуу ВВСˈнин орус кызматы жазды.

Жекшемби, 13-июнь күнү Израилдин парламенти көпчүлүк добуш менен жаңы коалициялык өкмөттү бекитти. Муну менен 12 жылдан бери премьер-министр болуп келген Биньямин Нетаньяху кызматтан кетти. Ал парламенттик оппозициянын лидери болуп калат.

Эми өкмөттү мурда Коргоо министри болгон Нафтали Бенет жетектейт. Коалиция түзүлгөндөгү макулдашууга ылайык Бенет эки жыл премьер-министр болуп, андан кийин ал орунду "Еш Атид" партиясынын төрагасы Яир Лапидге эки жылга парламенттик шайлоо болгонго чейин бошотуп берет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД