Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

Тыныбекова 8-июндан 13-июнга чейин Польшада өткөн эл аралык мелдеште 62 кг салмак категориясында күч сынашып, алтын медаль жеңди. Бул мелдеш балбандардын рейтингине дагы таасир этмек. Себеби байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга упайлар берилмек.

Тыныбекова Польшадагы ийгилиги үчүн Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде 1-орунга жайгашты.

Ошондой эле Польшада коло медаль жеңген Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакка чейинки категориядагы спортчулардын рейтингинде 3-орунга илинди.

Ал эми Айпери Медет кызы 76 кг салмакка чейинки категориядагы спортчулардын рейтингинде 5-орунга, Нураида Анаркулова 59 кг салмакка чейинки категориядагы спортчулардын рейтингинде 9-орунга жайгашты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД