Марат Иманкулов: Чек арадагы чыр Тажикстан тараптын чагымы менен башталды

Чек арадагы жаңжал Тажикстан тараптын чагымы менен башталды. Бул тууралуу маалымат жыйында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш тууралуу айтып жатып, Тажикстандын чек арачылары биринчи болуп ок чыгарганын белгиледи. Анын айтымында, чыр башталардан мурда эле Кыргызстан тажикстандык чек арачыларга тактала элек аймактарга кирбөөнү эскерткен.

"Такталбаган аймактаргак кирбеш керек деп мурда эле макулдашылган. Бирок алар аны бузуп, эскертүүлөргө карабай чагымчыл максатта ал жакка кирген. Анын айынан ок атышуу башталган. Алар ок атып баштап, андан кийин миномет менен аткылоого өткөн. Башаламан аткылап баштап, анын ичинде жарандык инфраструктураларды аткылады", - деди ал.

Ошол эле учурда ал чыр бир тилкеде болуп жатса, тажик тарап башка жерде жайгашкан кыргызстандык чек арачыларды аткылай баштаганын белгилеп өттү.

"Чыр бир жерде чыгып жатса, алар башка жерден да аткылады", - деди ал.

Белгилей кетсек, 16-сентябрда Тажик Республикасы тынч жаткан Кыргыз Республикасына кол салды. Маалыматка ылайык, тажик тарап буга чейин сүйлөшүлгөн бардык келишимдерди бузуп, саат 06:00 чамасында Кыргызстандын чек арасына аскерин тартып келип, куралдуу күчтөрдү, аскердик оор техникаларды колдонуу менен чек ара постторун жана калк жашаган аймакты аткылаган.

Тажикстан мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуу менен Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала жайгаштырып, куралдуу күчтөрдү, оор аскердик техниканы колдонуу менен чек аранын бардык периметри боюнча Кыргызстандын Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жайгашкан чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлери катары аныкталбаган адамдар куралдуу кагылышууларга активдүү катышып жатканын билдирген.

19-сентябрга карата тажик тараптын куралдуу кол салуусунан курман болгондордун саны 59га жетти. Алардын басымдуу бөлүгү аскер кызматкерлери. Агрессиянын курмандыктарынын арасында жай тургундар жана балдар да бар. Ал эми жаракат алган жарандардын саны 163кө жетти.

Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрь күндөрү Кыргызстандын эгемендүү аймагында болгон окуяларды Тажикстан тараптан биздин мамлекетке карата алдын ала пландалган куралдуу агрессия актысы катары баалай турганын билдирген.

Эгемен мамлекеттке куралдуу кол салуу уюштуруп, анда тынч жаткан элди мыкаачылык менен өлтүрүп, мүлкүн талап, үйлөрүн өрттөгөн Тажикстан эми дүйнө коомчулугуна маалыматты бурмалап Кыргызстанды күнөөлүү көрсөтүү аракетин көрүүдө. Бүтүндөй тажик басылмалары тынч жаткан кыргыз өлкөсүн каралаган маалымат таратууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 17-сентябрь түнү Тажикстандын жарандары Богдари калктуу конушундагы өз үйлөрүн өрттөп жаткандыгын кабарлаган. Тажик тараптын мындай аракеттери кийин кыргыз тарапты айыптоо үчүн атайлап жасалган чагым болуп саналарын белгилеген. Ошондой эле Тажикстандын куралдуу кол салуусун токтотууга мажбурлоо үчүн жооп кайтарууга аргасыз болуп жаткандыгын маалымдаган.

Чек ара кызматы 19-сентябрь саат 08:00гө карата кыргыз-тажик чек арасынын Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде абал чыңалуу бойдон тургандыгын, ошол эле маалда 18-сентябрдан 19-сентябрга караган түн тынч өткөндүгүн жана ок атышууну токтотуу келишимдерин бузуулар катталганбагандыгын маалымдады. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан Чек ара кызматынын бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД