Жалал-Абадда улуттар аралык ынтымакты бекемдеген футбол мелдеши өттү

Базар-Коргондо улуттар аралык ынтымакты бекемдѳѳгѳ багытталган кичи футбол өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2010-жылы июнь окуясында кызмат ѳтѳѳ учурунда каза тапкан милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун жаркын элесине арналып, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө багытталган кичи футбол өткөрүлдү. Иш-чара учурунда Мыктыбек Сулаймановдун кызмат учурунда жасаган эрдиги, адамдык сапаттары тууралуу катышуучуларга маалымат берилди.

Кичи футболго Базар-Коргон районундагы 9 айыл аймактын командалары катышты. Жыйынтыгында жеңүүчү командага кубок, баалуу белектер, Базар-Коргон РИИБинин дипломдору тапшырылды.

"Иш-чара учурунда милиция кызматкерлери келген конокторду спорттук таймаш аркылуу достукка чакырышты. Район аймагында улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, жаштар арасында кылмыштуулукту алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД