Муфтият Курман айттын болжолдуу датасын айтты

Муфтият Курман айттын так датасы жана намазды аянттарда окууга чектөө коюлар-коюлбасы бир жума калганда айтылат деди.

Быйыл Кыргызстанда Курман айт 20 же 21-июлга туура келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Анын айтымында, так дата бир жума калганда айтылат. Айт намазын аянттарда окууга чектөө коюлар-коюлбасы дагы ошондо чечилет.

Орозо айт быйыл 13-майда белгиленген. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам айт намаз аянттарда эмес, мечиттерде гана окулган. Курман айт адатта орозо аяктагандан 70 күндөн кийин белгиленет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД