Садыр Жапаров ИИМге жол кырсыктарын алдын алууну күчөтүү тапшырмасын берди

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн Ички иштер министрлигине жол кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чаралар комплексин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысы акыркы убакта адам өмүрүн алган ири жол кырсыктарынын саны көбөйө баштаганын айтып, адам өмүрү эң баалуу экендигин баса белгиледи.

Ошондуктан Ички иштер министрлигине жайкы туристтик мезгилде транспорт агымдарынын эселеп көбөйөрүн эске алуу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын аткарылышына көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Садыр Жапаров ошондой эле жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого, айдоочуларды жолдо этият болууга, жөө жүргүнчүлөр менен жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоого чакырган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД