Бишкек мэриясы Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташуудан баш тарттыбы? Жооп

Бишкек мэриясы Азия өнүктүрүү банкы менен кызматташуудан баш тартты деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу шаар бийлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясы "Шаардагы транспортторду электрлештирүү" долбоорунун алкагында Азия Өнүктүрүү Банкы менен мындан ары кызматташуудан баш тарткандыгы жөнүндө бир катар ЖМКларда маалыматтар жарыяланган. Буга байланыштуу шаар бийлиги расмий билдирүү таратып, аталган маалымат чындыкка дал келбестигин кабарлады.

Ага ылайык, учурда Бишкек шаарынын мэриясы АӨБдүн жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Иш борбор калаанын транспорт маселелери боюнча вице-мэри Русланбек Акылбековдун келиши менен жанданган.

"учурда АӨБдүн эсебинен электр автобустарын, ошондой эле электр унааларын алуу жана "Муниципалдык Эко Такси" кызматын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Банк менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жана бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча дагы толук маалымат берилет", - деп билдиришти мэриядан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД