Нью-Йоркто "Центеррага" каршы кыргызстандыктар митингге чыгышты

АКШнын Нью-Йорк шаарында кыргызстандыктар Centerra Gold Inc компаниясына каршы митингге чыгышты. Алар Бириккен улуттар уюмунун имаратынын алдына чогулушуп, канадалык инвестордун кыргыз мөңгүлөрүнүн талкалап, экологияга орду толгус зыян келтиргендиги үчүн жооп берүүсүн талап кылышты.

Окуя болгон жерден тартылган сүрөттөр жана видеолор социалдык тармактарга жарыяланды.

Аталган сүрөт, видеолордон "Коррупцияга жол жок!", "Центерра биздин жаратылышыбызды, мөңгүлөрүбүздү талкалады" деген жазууларды окууга болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД