Ошто тургунду опузалап 4,5 миң доллар талап кылган кримтөбөл кармалды

Ошто тургунду опузалап 4,5 миң доллар талап кылган кримтөбөл кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ошто тургундан өзгөчө ири өлчөмдө опузалап акча талап кылып, Т.И.М. аттуу адам кармалган. Ал кримдүйнөдө "Женго" каймана аты менен таанымал К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү. Ал 18-майда өзү жетектеген кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен бирге жалгыз адамды Ош шаарынын четине алып чыгып, курал такап, "общаковская кассага" деп 300 000 сом талап кылышкан. Андан сырткары К.Досоновдун жеке айдоочусумун деген "Р.у.А." кошумча дагы 1000 АКШ долларын талап кылган.

Кармалган адам учурда абакка киргизилип, бул окуяга тиешеси бар башка адамдардын аты-жөнүн тактоо иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД