Ала-Тоо аянтында мыйзамсыз иштеп жаткан оюн-зоок жайлары алынды

Бишкек шаарынын Биринчи май районунда оюн кызматын көрсөтүү боюнча стихиялуу жайлар жоюлду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Акимиятынын Экономика жана финансы бөлүмүнүн, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте "Ала-Тоо" борбордук аянтында мыйзамсыз орнотулган жеңил объектилерди жана оюн конструкцияларын демонтаждоо боюнча рейд өттү. Анын жүрүшүндө Комиссия 25ке жакын мыйзамсыз объектилерди демонтаж кылды.

Акимиат бул конструкциялардын ээлерине бир нече жолу эскертүүлөрдү берген, бирок ага карабастан мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД